Суроо: - Өзбекстандын жараны Кыргыз Республикасында никеге туруп, жарандык ала алабы? Ошондой эле фамилиясын өзгөртсө болобу? Эгер болсо, кандай документтер талап кылынат? Суроо калтырган vangolu
Жооп: 1. - КРнын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы №174-жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндөгү” жобого ылайык, Кыргыз Республикасына туруктуу жашоого келген чет өлкөнүн жараны болгон же жарандыгы жок аялдар кыргыз жараны менен никеге турса, анда жарандыкты жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кабыл алат. Алар жашаган жери боюнча паспорт-виза жана каттоо иштери боюнча бөлүмгө төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл. - Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу тууралуу анкета-арыз эки нускада; - Арыз ээсинин ким экендигин тастыктаган документтердин (паспорт, жарандыгы жоктор үчүн туруктуу жашап турууга уруксат кагазы) түп нускасы жана көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк; - Кыргыз Республикасы менен чектешкен мамлекеттердин (Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кытай) жарандары үчүн мурдагы жарандыгынан баш тартуу тууралуу жеке арызы; - Ак фондогу 4Х6 өлчөмүндөгү эки түстүү сүрөт; - Кыргыз Республикасынын аймагында жашагандыгын тастыктоочу (туруктуу жашап турууга уруксат, катталгандыгы тууралуу белги, айыл өкмөтүнөн же жашаган жеринен аныктама) документ. 2. Кыргыз Республикасынын жарлыгы менен кыргыз жарандыгына кабыл алуу тууралуу өтүнүчүңүз канааттандырылгандан кийин сиз никелешүү тууралуу күбөлүктүн негизинде фамилияңызды жубайыңыздын фамилиясына которо аласыз.
Суроого КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Абдылдаева Рита жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.