Суроо: - Үйүм бар. Бирок техникалык паспорту жок. Аталган документти кантип, кайда кайрылып алсам болот. Баасы канча болот? Жер тилкесинин кызыл китеби, прораб чийип берген үйдүн планы да бар. Суроо калтырган Compact
Жооп: - Үйүңүзгө техникалык паспорт алыш үчүн арыз менен жергиликтүү каттоо органына кайрыласыз. Техникалык паспорттун баасы үйүңүздүн аянтына байланыштуу болот. Арыз менен кайрылууда өзүңүздүн паспорт жана жериңиздин документтерин (укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү документ (кызыл китеп) ала келесиз.
Суроого КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Абдылдаева Рита жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.