Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстан интеграциялык бирикмелерге улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен гана кошулат”

Кечээ, 24-декабрда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги отурумуна катышты. Бул туурасында Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 

Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко жана Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусундагы отурумда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча “жол картасынын” долбоору каралды.

Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Кыргызстан интеграциялык бирикмелерге улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен гана кошуларын, “жол картасын” бекитүүдө бардык сунуштар эске алынышы керектигин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан