Бүгүн, 5-июлда Бишкектин Ленин райондук сотунда Temirov Live менен “Айт, айт десе” долбоорунун мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.
Алардын иши боюнча биринчи жараян 7-июнда өтүп, баштапкы соттук угуу болгон.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 16-январынын таңында Ички иштер министрлиги "Темиров лайв" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ аларга массалык башаламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.
Кийинчерээк алардын жетөөсү ар кандай жагдайда үй камагына чыгарылган жана эч жакка кетпөө тууралуу тилкаты менен бошотулган.
Учурда Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекеева Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат.