Казак ырчысы Кайрат Нуртас бир нече фактылар боюнча айыпталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Астана шаарынын райондор аралык сотуна ырчыга карата эки материал келип түшкөн. Ал бир жыл ичинде бир нече жолу жасалган майда бейбаштык жана ден соолукка атайылап жеңил залал келтирүү фактысы боюнча айыпталганы айтылат.
"Транспорт полициясынын маалыматы боюнча, Алматы-Астана каттамындагы учакта майда бейбаштык жана денеге атайылап жеңил залал келтирүү фактылары боюнча административдик иш козголгон. Иштин материалдары соттун кароосуна жөнөтүлгөн", - деп жазылат анда.
Сотто каралуучу убакыт тууралуу кошумча маалымат берилери кабарланат.
Белгилей кетсек, буга чейин Кайрат Нуртас концерттердин биринде сахнада сөгүнгөнү үчүн айыпка жыгылган.