Кайрат Нуртас 15 суткага камакка алынды

Казактын белгилүү ырчысы Кайрат Нуртас 15 суткага камакка алынды. Бул тууралуу Астана шаарынын административдик укук бузуулар боюнча адистештирилген райондор аралык сотунун судьясы аныктама чыгарды.

"Тараптардын жарашуу келишими менен Айдарбеков Кайрат Нуртасовичке карата Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 73-беренесинин 1-1-бөлүгү (Ден соолукка атайылап жеңил залал келтирүү) менен козголгон иш токтотулсун. Кайрат Нуртасович Айдарбековду Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 2-бөлүгү (Бир жылдын ичинде бир нече жолу майда бейбаштык кылуу) менен күнөөлүү деп таап, 15 суткага административдик камакка алсын", - деди сот.

Ал белгилегендей, камакка алуу мөөнөтү 4-июлдан баштап саат 23:50дө санала баштайт. Ырчы жаза мөөнөтүн Шымкент шаардык ички иштер башкармалыгынын административдик процедурасы менен кармалгандар үчүн атайын абакта өтөйт.

Эске салсак, буга чейин белгилүү казак ырчысы Кайрат Нуртас дагы бир чыр-чатакка тиешеси бар болуп, кылмыш ишинде айыпталуучу катары сотко өткөнү белгилүү болгон. Тактап айтканда, ырчы учакта мушташкан. Бул иш соттун кароосуна жөнөтүлдү. Ырчы кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан