КРнын ар бир облусунда туризм өнүктүрүү боюнча кеңештер түзүлдү. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин (ММТМ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдан баштап туризм өнүктүрүү боюнча кеңештердин отурумдары өткөрүлөт. Отурумдарга КРнын Өкмөтү, КРнын ММТМ туризм департаменти, айыл аймактардын жана туристтик бизнестин өкүлдөрү катышат. Иш-чаралардын негизги максаты – ар бир аймактарда туризм өнүктүрүү тууралуу маселелер талкууланат жана программа түзүлөт. Кеңештер жергиликтүү жарандардын жардамы жана ресурстары менен аймактарды өнүктүрүүгө керектүү шарттарды түзүшөт.