Бүгүн, 8-июлда Чүй облустук сотунда жазуучу Олжобай Шакирдин жактоочуларынын Аламүдүн райондук сотунун өкүмүнө каршы жазган апелляциялык арызы боюнча сот отуруму болбой калды.
Жазуучунун адвокаты Акмат Алагушев SUPER.KG порталына билдиргендей, ишти карай турган соттук коллегиянын бир мүчөсү жакында эле пара алууга шектелип кармалган. Мындан улам Олжобай Шакирдин иши башка судьяга өтүп, соттук жараян белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Белгилей кетсек, УКМК тарабынан Чүй облустук сотунун судьялары К.У. менен А.Т. Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү”, “Опузалап пара алуу”, “Пара алуу” жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталып кармалган.
Жогоруда аталган К.У. жана А.Т. Чүй облустук сотунун Калыбеков Улукбек Жолдошевич жана Абдырашитов Тилек Арстанбекович аттуу судьялары экендиги айтылды.
14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди 5 жылга эркинен ажыраткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган.