Жазуучу, активист Олжобай Шакир 48 саатка камакка алынды

Журналист Олжобай Шакир 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта адвокат Бакыт Автандил билдирди.

Анын айтымында, журналист укук коргоо кызматкерлерине баш ийбөөгө, массалык баш аламандыкка чакырып, бийликти басып алууга аракеттенген деген айып коюлууда.

"Бул негизсиз айыптоолор. Олжобай Шакир токтоосуз бошотулушу керек. Эртең, 24-августта анын баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралат. Иштин бардык маңызы кээ бир иликтөөлөрдүн дайындалгандыгында. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгынан кийин Олжобай Шакирге кылмыш иши козголду”, - дейт Бакыт Автандил.

Буга чейин укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова Олжобай Шакирдин УКМКга жеткирилгенин Фейсбук баракчасына жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан