Жогорку Кеңеште депутаттар Баткен облусу боюнча маселени көтөрүп чыгышты

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Баткен облусундагы чек ара маселесин карап чыгуу керектигин белгилеп өтүштү. 

Эл өкүлү Абдыманап Кутушев Кыргызстандагы чек ара боюнча чыр-чатактардын басымдуу бөлүгү Баткен облусунда болуп жаткандыгын айтты. “Өлкөдө чек ара боюнча 47 маселе болсо, анын 37си Баткенде болот экен”,- деди Кутушев өз сөзүндө. 

Ал эми Ташполот Балтабаев "аталган маселенин чечилишине премьер-министр келе албаса, каржы министри катышсын. Анткени бул аймакта көп маселелер каржы тартыштыгынан келип чыгат” деген сунушту киргизди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан