БШК Жогорку Кеңештин үч жаңы депутатына мандат тапшырды

БШК бир мандаттуу Свердлов, Ысык-Көл жана Ноокат округдары боюнча шайлоонун жыйынтыгы менен жеңүүчү деп табылган Жумабек Салымбеков, Айжигит Тыналиев жана Бакытбек Мариповду Жогорку Кеңештин депутаттары кылып каттады.

Боршайкомдон билдиргендей, 7-июлда аларга депутаттык мандат жана төш белги тапшырылган.

Белгилей кетсек, 30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү. Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышты.

БШКнын 4-июлдагы жыйынында №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча шайлоодо Айжигит Тыналиевди жана бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоодо Жумабек Салымбековду жеңүүчү деп тапкан.

Тыналиев өз округунда 3498 добуш алган (16,04%), ал эми Салымбеков өз округунда 10 миң 623 кишинин (64,68%) добушун алган.

Ал эми 5-июлда Ноокат округу боюнча добуштарды кайра саноо иштери жүрүп, жыйынтыгында Бакытбек Марипов жеңүүчү деп табылган. Ал өз округунда 11 миң 596 (45.12%) шайлоочунун добушун алып, алдыга чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан