Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мыйзамсыз курулуштарды алып салуу бөлүмү тарабынан 2013-жылы “Бексултан” базарындагы эт сатылуучу эки кабаттуу жай бузулду. Мындан сырткары Монуев, Кара-Суу, Тилеке баатыр көчөлөрүндөгү 175 объекти, үч ашкана, 6 дарыкана, 4 контейнер жана аянты 300 чарчы метр болгон курулуш бузулган. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.