Бүгүн, 9-июлда Temirov Live долбоорунун мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча Ленин райондук сотунда отурум уланды.
Анда түшкө чейин айыпталуучулардын ичинен Махабат Тажыбек кызы, Актилек Капаров, Сапар Акунбеков, Тыныстан Асыпбеков жана Айке Бейшекеева көрсөтмө берди.
Тажыбек кызы ички иштер министри Улан Ниязбеков жана депутат Шайырбек Ташиев жөнүндөгү иликтөөлөргө Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү маалымат берип жүргөндүгүн айтты. Ал саясатчылар менен эч кандай байланышы жок экендигин, "жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн иштегенин" билдирди. Ошондой эле Тажыбек кызы көрсөтмө берип жатып "айрым тергөөчүлөр маалымат берүү менен ишеничке кирип, чагым кылууга аракеттенгенин" кошумчалады. Ал өзүнө коюлган айыптарга макул эместигин, журналист катары милдетин аткарып келгенин айтты.
Учурда абакта ага карата моралдык зордук-зомбулук болуп жатканын белгиледи.
"Бул ошол жерде иштеген кызматкерлердин сабатсыздыгы. Жаныма туура эмес бирөөлөрдү киргизип коёт. Бирок алар өздөрү эле качып кетишти. Акыркы убакта камерага кирип "сен баскынчысың" деген сөздөрдү айтып жатат. Эмне максатта минтип айтып жатканын, мага кылган мамилесин түшүнө албай келем. Бирок мыйзамдын иштебегенине байланыштуу ага карата арыз жаза элекмин. Абакта мыйзам иштебейт экен", - деди журналист.
Андан соң “Алга Медианы” иштетип келген Актилек Капаров көрсөтмө берип, айыптоолорду четке какты. Ал айыптоодо айтылган материалдарга эч тиешеси жоктугун айтты.
Ошондой эле журналист тергөө абагында отурган кезде колун эмне себептен кескилегенин түшүндүрүп берди.
"Абактан сени бошотуу үчүн өзүңө кол салышың керектигин түшүндүм. Айла жоктон ушундай кадамга баргам. Жарым жыл камакта мыйзамсыз отуруу деген эмне?", - деди ал.
Актилек Капаров тергөө абагында жаткан төрт журналисттин камералары тинтилип, кийимдери алынган факты тууралуу буларга токтолду:
"Ак ийилет, бирок сынбайт” деген жазуусу бар футболкаларды 5-июлдагы соттук отурумга кийип келгенбиз. Отурумдан соң камерабызга абактын 7-8 кызматкери келип, тинтүү жүргүзүштү. Кийимибиздин баарын чачты, футболканы издеп жатышыптыр. Бирок издеп таппай коюшту. Анткени кире бериш жакта ал футболканы мен кийип тургам. Жаныма келишип "эмне кийип алгансың, чеч. Чечпесең баары бир күч менен тартып алабыз" дешти. Чечип берүүгө туура келди. Эмнеге мындай кылышканын түшүндүргөн жок. Бирок бул жогору жактагылардын аракети экенин билип эле турдум.
Андан көп өтпөй өздөрүнүн бөлмөсүнө чакырып, футболканы ким бергенин, эмнеге кийгенимди сурашты. Кыргыз макалы менен жазылган кийимди Кыргызстандан кийбесем кайдан кийишим керек? Японияданбы? Муну моралдык кысым гана эмес, тоноо деп эсептейм", - деди журналист.
Ал эми Сапар Акунбеков өз көрсөтмөсүндө “Айт, айт десе” долбооруна 2023-жылдын октябрь айынын соңунда келгенин, бир ай гана стажёр катары иштегенин айтты. Мындан улам ал коюлган айыпты четке какты.
Тыныстан Асыпбеков Temirov Live долбоорунда иликтөөчү журналист Болот Темиров менен биргеликте 1 жыл иштегенин, Махабат Тажыбек кызы менен иштешпегенин айтты. Ал "иликтөөлөрдү ачык булактардагы маалыматтарга таянып жасачумун" деди көрсөтмө берип жатып.
Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева кыргызча чыккан иликтөөлөргө тиешеси жоктугун, орус тилинде чыккан материалдарга тиешеси бар болушу мүмкүн экендигин айтты. Бирок айыптоодо айтылган материалдарга байланышы жоктугун билдирди.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 16-январынын таңында Ички иштер министрлиги "Темиров лайв" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ аларга массалык башаламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.
Кийинчерээк алардын жетөөсү ар кандай жагдайда үй камагына чыгарылган жана эч жакка кетпөө тууралуу тилкаты менен бошотулган.
Учурда Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекеева Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат.
Иш Бишкектин Ленин райондук сотуна өтүп, ушул сотто каралып жатат.