Жылдыз Жолдошова: "Стратегиялык жолдун курулушу үчүн 5 жыл кепилдик мөөнөт берилиши керек"

Жогорку Кеңеш бүгүн, 25-декабрда жаңы курулган унаа жолдоруна кепилдик берүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Анда эл өкүлдөрү курулган жолдорго берилүүчү кепилдиктер тууралуу каршы пикирин билдиришти.

“Маселени кылдаттык менен карашыбыз керек. Альтернативдик жолдун идеясы жакшы. Ошол жолду салып жаткан компанияга кантип 1 жыл кепилдик мөөнөт бере алабыз? Чуңкурларды оңдоп-түзөсө жок дегенде 3 жыл, стратегиялык жолдорго 5 жыл берилиши керек. Бул жерде канча кырсыктар болушу мүмкүн”,- деди Жылдыз Жолдошова.

Ал эми Дастан Бекешев мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгууга жиберүү керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан