Айтургандын күмөн жараткан өлүмү: Тараптар эмне дейт? (видео)

Бишкектеги №4 клиникалык тез жардам ооруканасында 7-июлда 25 жаштагы Айтурган Маматкулова турмушка чыкканына жыл айланбай каза болду.

Айтургандын каза болгонун биринчилерден болуп жеңеси уккан. Анын айтымында, ага күйөө баласы Тилек телефон чалып, Айтурган дары ичип өмүрүнө кол салып, ооруканада жатканын кабарлаган. Келиндин жакындары ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип каза болду дегенге ишенбей турганын, анын өлүмүнө күйөө баласы себеп болушу мүмкүн экенин айтып SUPER.KG порталына кайрылышты.

"Биз көлдө болчубуз, артыбыздан Тилек менен Айтурган келген. Эртеси Тилек ошол жактан ичимдик ичип алып, ызы-чуу чыгарган. Бишкекке кетерибизде Айтурганды алып кетели десек өзү болбой койгон. “Мушташтан Тилектин кабыргалары сыныптыр, жанында болуп, карап турайын” деген. Ал дайыма Тилекке кам көрчү. Ошентип экөө 1 жума эс алабыз деп Тилектин бир тууган эжесинин үйүндө калган болчу. Биз көлгө 26-июнда барып, 29-июнда Бишкекке келдик. Ошондо Айтургандын каза болгонун 7-июлда билип жатабыз", - деди ал.

Айтургандын жеңеси келиндин каза болгонун күйөөсү 5 сааттан кийин кабарлаганын билдирип, экспертизанын алгачкы корутундусуна ишенбөөчүлүк көрсөтүп жаткандарын айтты. Себеби келиндин сөөгүн алган соң жакындары анын денесиндеги көгала тактарды байкашкан. Мындан улам алар экинчи жолу соттук-медициналык экспертизага кайрылышкан.

"Тилек 7-июлда эртең менен саат ондо чалып, Айтургандын дары ичип алганын, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калганын, мындан улам ооруканага келүүмдү суранды. Биз ишенген жокпуз, анткени Айтурган бир нерсе болсо эле мага чалчу. Ооруканага чуркап бардык, жандандыруу бөлүмүнө кирсек эч ким жок. Сыртка чыксам Тилек отуруптур. Айтурган кайда десем “тээтиги жакта жатат” деп койду. Артымды карасам морг экен. Эмне кыларымды билбей нес абалда туруп калдым. Моргго барсак “сиңдиңер ушинтип каза болуп калды” дешти. Ал дарыгер болчу, кантип эле каза болуп калсын деп таң калдык. Жакын туугандары болсок да моргго киргизбей коюшту. “Күйөөсү кирип чыкты” дешти. Тилек менен Айтурган расмий никеге турушкан эмес. Алар мыйзамга ылайык Тилекти киргизбеш керек болчу. "Мен анын жеңеси болом, каза болгон кыз биздин кызбы, жокпу билейин, денесинде жаракаттар жокпу, көрөйүн" десем да киргизбей коюшту. Көп өтпөй эле соттук-медициналык экспертиза чыкты. Денесинде ур-токмоктун белгилери барбы десем, "жок, ур-токмоктун белгилери жок" дешти. Кийин сөөктү майрам сууга алганда денесинен көгалаларды көрдүк," - дейт Айтургандын жеңеси.

Экинчи тарап менен байланышууга мүмкүн болгон жок. SUPER.KG порталы алардын да үнүн угууга даяр.

Эске салсак, Айтурган Маматкулова 7-июлда саат 00:30да Бишкек шаардык №4 клиникалык тез жардам ооруканасына оор абалда түшкөн. Келин жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей, таңкы саат 04:55те каза болгон. Азырынча өлүмдүн себептери аныктала электигин Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү келиндин жакындары милицияга арыз менен кайрылганын, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын 10-июлда SUPER.KG порталына маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан