Жогорку Кеңеш бүгүн, 25-декабрда жаңы курулган унаа жолдорго кепилдик берүү боюнча мыйзам долбоорду талкуулап жатат.
Анда депутат Данияр Тербишалиев курулган жолдорго берилүүчү кепилдиктер тууралуу каршы пикирин билдирди.
"Жол куруп жаткан компаниялардын жоопкерчилигин эмнеге жогорулата албайбыз? Башка мамлекеттерде кепилдик мөөнөт 10 жылдан кем эмес. Маселен, бир муздаткыч сатып алсаң, ошого 3 жыл кепилдик берилет. Ал эми бул жерде жол тууралуу сөз болуп жатат. Андыктан жол куруучу компаниялардын кепилдик мөөнөтүн жогорулатуу шарт. Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн мыйзам долбоорун артка кайтаруу керек. Атүгүл жол куруучу компанияларды текшерүүгө алуу боюнча Башкы прокуратурага тапшырма берүү керек",- деди депутат.
Ал эми Роза Акназарова мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгууга жиберүү демилгесин колдоорун билдирди.