25 жаштагы Айтургандын өлүмү боюнча ишти акыйкатчы өз көзөмөлүнө алды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева ооруканада каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу ишти өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда SUPER.KG порталына Акыйкатчы институтунан билдирди.

Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги №4 клиникалык тез жардам ооруканасында каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан.

Келиндин жакындары буга ишенбей турганын, анын өлүмүнө күйөө баласы себеп болушу мүмкүн экенин айтып SUPER.KG порталына кайрылышкан.

Ишти Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү териштирип жатат. Милиция тараптардын бардык жүйөлөрү эске алынып, объективдүү иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан