Туура эмес жайга токтотулган унаага төлөнүүчү айып пулдун өлчөмү 10 эсе көбөйүүсү мүмкүн

Бүгүн, 25-декабрда  Бишкек ШИИБинин Жол-кайгуул кызматынын (ЖКК) башчысы Рустам Бекитаев Бишкек шаардык кеңештин жыйынында туура эмес жайга токтотулган унаанын айдоочуларынын айыбы 100 сомдон 1000 сомго чейин көбөйүүсүн суранды.

Анын айтымы боюнча, учурда туура эмес жерге унаа токтотуу эң эле зыян маселеге айланды. 

"Айдоочулар 100 сомдук айып пулдан оңой эле кутулуп, кайра эле ошол нерсени кайталап жатышат. Көп учурда такси айдоочулар ошондой кылышат. Алар үчүн 100 сомдук айып көйгөй деле эмес окшойт" деген оюн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан