Жогорку Кеңеште бүгүн, 25-декабрда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси
(«Мамлекеттик чыккынчылык»), 303-беренеси («Паракорчулук») жана 304-беренесинин
4-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш кылган
адамдарга карата эскирүү мөөнөтүн алып салуу боюнча мыйзам долбоору талкууланып
жатат.
Депутат Мамат Орозбаев мыйзамга өзгөртүү киргизүү сталиндик режимге алып
келет деген оюн билдирди. Мындан сырткары ал саясий куугунтук башталышын
кошумчалап, “Эгерде Бакиев менен Акаевдин убагында иштеген чиновниктер кармалса, мен долбоорду колдойм. Бирок андай болбойт” деди.
Төраганын орун басары Асия Сасыкбаева депутаттар
эл алдында ак болсо, мыйзам долбоорду колдоп бериши керектигин баса
белгиледи.