Ош шаардык кеңешинин бүгүнкү жыйыны үзгүлтүккө учурады

Ош шаардык кеңешинин бүгүнкү жыйыны үзгүлтүккө учурады. Маалыматка караганда, башкаруучу коалициядагы “Улуттар биримдиги”, КСДП партияларынын депутаттары “Замандаш-Современник” партиясынын өкүлү Нурадил Жолдошевди колдоп, жыйындан чыгып кетишти. Себеби оппозиция анын сессияга катышуусу мыйзамсыз экенин айтып, залдан чыгып кетүүсүн талап кылган. 

Эске сала кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен 20-декабрда Жолдошев мандатынан ажыратылган. Ал партиянын саясий кеңешине каршы чыгып, Ош шаардык кеңештеги көпчүлүк коалицияны түзүү үчүн “Улуттар биримдигине” кирип алган. Мындан улам Ош шаардык кеңеште “Улуттар биримдиги” партиясы Жолдошев менен бирге 23 депутат болуп көпчүлүк коалицияны түзүп турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан