Казакстандын Мангистау облусунда эркек киши бычак менен кол салган аял кош бойлуу экенин дарыгерлер билдиришти. Бул туурасында казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 24 жаштагы аял 14-июлга караган түнү облустук көп тармактуу ооруканага келип түшкөн.
“Анын көкүрөгүндө, курсагында, колу, буттарында бычактан алган бир нече жаракаттары бар. Учурда жандандыруу бөлүмүндө орточо оор абалда жатат. Дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө. Анын 10 жумалык бооюнда бар”, - деп кошумчаланган маалыматта.
Айта кетсек, Казакстандын Мангистау облусунда эркек киши элдин көзүнчө аялды бычактап салганын казак басылмалары жазып чыгышкан. Социалдык баракчаларга окуя болгон жерден тартылган үрөй учурган кадрлар тараган.