Москвада мигранттар төрт адамды атып кетишти

Москва облусунун Люберцы районунда массалык мушташ болуп, төрт адам травматикалык тапанчанын огунан жаракат алды. Бул тууралуу Mash телеграм каналы жазды.

Маалыматка ылайык, мушташ унаа токтотуучу жайда болгон. Ал жерде мигранттар жана жергиликтүүлөр болгон 40тай адам мушташып, ок атылган. Мушташка сатуучу аялга айтылган сөз себеп болгон. Мушташка катышкан мигрант адамдар сакалчандар болгону айтылды.

Жыйынтыгында травматикалык тапанчанын огунан төрт адам жаракат алып, ооруканага түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Телеграм каналы ошондой эле мушташка катышкандар полиция келгенге чейин качып кетишкенин жазды. Учурда сакалчан адамдар изделип, камералар аркылуу алардын өздүгү такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан