Жогорку Кеңеш: Кылмыштарга карата эскирүү мөөнөтүн алып салуу боюнча мыйзам долбоору экинчи окууга жөнөтүлдү

Жогорку Кеңеште бүгүн, 25-декабрда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (мамлекеттик чыккынчылык), 303-беренеси (коррупция) жана 304-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш кылган адамдарга карата эскирүү мөөнөтүн алып салуу боюнча мыйзам долбоору талкууланып, жыйынтыгында экинчи окууга жөнөтүлдү.

Айрым депутаттар мыйзам долбоорду колдобоого чакырып, саясий куугунтукка алып келиши мүмкүн деген оюн билдиришти.
ЖКнын депутаты Дастан Бекешев кесиптештерине кайрылып: “Өзүңөргө карата саясий куугунтук башталса, сотто күнөөсүз экениңерди далилдегиле. Карапайым адам "Эмнеге мыйзамды кабыл албай жатат?" деп силерди түшүнбөй калышы ыктымал. Добуштун жыйынтыгы жарыялангандан кийин неберелериңер "Эмнеге каршы добуш бердиң эле?" деп суроо берип калышы да мүмкүн”, - деди.
Эл өкүлү Дамира Ниязалиева да аталган мыйзам долбоорду колдоорун билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан