Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Андагы маалыматка караганда, эл өкүлү учурда сурак берүүдө. Ал эмне себептен суракка чакыртылганы боюнча маалымат жок.
Икрамовдун өзүнө байланышууга азырынча мүмкүн болгон жок. УКМК да маалымат бере элек.