Президент Садыр Жапаровдун аталаш тууганы Улан Жапаров кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 17-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.
Маалыматка ылайык, ал УКМК тарабынан кармалган. Сот аны 19-августка чейин камакка алды.
Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмышты жасаган деп, башкача айтканда, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка айыпталууда.
Эске салсак, Улан Жапаров 2023-жылдын июль айынын башында бажыдагы коррупциялык ишке аралашкан деп кармалып, октябрь айында үй камагына чыккан.
Улан Жапаров - президент Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу.