Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров үй камагына чыкты

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров үй камагына чыкты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 26-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тастыктады.

Маалыматка ылайык, Улан Жапаровдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу Ички иштер министрлигинин С.С. аттуу тергөөчүсү кайрылган. Сот арызды 19-октябрда карап, Улан Жапаровду 26-ноябрга чейин үй камагына чыгаруу тууралуу чечим чыгарды.

Эске салсак, ал ушул жылдын июль айынын башында бажыдагы коррупциялык ишке аралашкан деп кармалган. Бөгөт чарасы акыркы жолу 18-сентябрда каралып, сот аны 26-ноябрга чейин камакта калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан