Москвадагы "Крокус Сити Холл" борборунда теракт уюштурууга шектелип кармалган Далержон Мирзоев диний талаштан улам СИЗОнун кызматкери менен мушташты. Бул тууралуу орусиялык телеграм каналдар жазышты.
Маалыматка ылайык, СИЗОнун кызматкери Далержон Мирзоев отурган камераны текшерип турчу. Текшерүү учурунда ал Мирзоев менен дин тууралуу сүйлөшө кетип, пикир келишпестиктен улам экөө мушташа кеткен. Аларды абактын башка кызматкерлери ажыратып калышкан.
Бул маалыматты расмий органдар тастыктай элек.
Эске салсак, Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" борборундагы теракт 22-март күнү кечинде болгон. Натыйжада 140тан ашык адам каза болуп, 500дөн көбү жарадар болгон. Иштин алкагында 14 адам кармалып, анын 13ү камакка алынган.