Ош шаарында "Притон" аталышындагы рейд өтүп, сойкулук менен алектенген даг 16 кыз аныткалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, шек жараткан батирлер текшерүүгө алынган. Рейддин жүрүшүндө сойкулук жасоого шектүү 16 кыз кармалып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн милиция бөлүмүнө алынып келинип, бармактарынын издери алынган.
"Кармалган кыздардын көпчүлүгү Ош шаарына башка региондордон келгендиги аныкталды.
Ушул профилактикалык иш чаранын жүрүшүндө мурда катталган 12 кылмыштын бети ачылып, бир издөөдө жүргөн жаран кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти Ош ШИИБден.