Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү тууралуу "жол картасына" кол коюусун 2014-жылдын май айына пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.
“Белгилеген датага чейин документтин кем жерлери иштелет. Өкмөт мурдагыдай эле талаптарды айтат, бирок алар бул жолу деталдуу болот”,- деди вице-премьер-министр.