№31 түзөтүү мекемесинде көз жумган Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) өлүмү боюнча беш адамга айып тагылып, анын бирөө тергөө учурунда каза болду. Бул тууралу бүгүн, 18-июлда SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка ылайык, Арстан Алайдын өлүмү боюнча жалпы беш кызматкерге Кылмыш-жаза кодексинин “Шалаакылык” беренеси боюнча айып коюлган. Алардын иши Аламүдүн райондук сотунда каралууда.
Белгилей кетсек, 5-январь күнү саат 05:15 чамасында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасында Арстанбек Абдылдаев асынган абалда табылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Арстан Алай “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген. Ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып коюлган.