Бүгүн, 25-декабрда Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын кезектеги 11-отуруму өз ишин баштаган. Жыйындын башында мандатынан ажыраган Нурадил Жолдошевди колдогон тарап залдан чыгып кетип, кийин алардын көпчүлүгү кайра келип залдан орун алышкан. Учурда Ош шаардык кеңешинин жыйыны уланып жатат. Анда бир катар маселелер талкууланып, Ош шаардык мэриясынын 9 айда аткарган иштери шаардык кеңештеги көпчүлүктү түзгөн коалиция тарабынан канааттандырарлык эмес деп табылды. Ал эми бүгүнкү күндөн тарта азчылыкты түзүп калган тарап мэриянын 9 айда аткарган иштерин колдоду.