Бүгүн, 18-июлда өлкө башчы Садыр Жапаровдун Өзбекстага болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Кыргыз жана Өзбек президенттер төмөнкү документтерге кол коюшкан:
1. Кыргызстан менен Өзбекстан президенттеринин биргелешкен билдирүүсү;
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы жашыруун маалыматтарды алмашуу жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;
3. 2006-жылдын 3-октябрындагы Кыргыз өкмөтү менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
4. Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Өзбекстандын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ортосундагы курулуш иштери жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;
5.Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Өзбекстандын президентине караштуу Мамлекеттик кызматты өнүктүрүү агенттигинин ортосундагы мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө протокол;
6.Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстандын Маданият министрлигинин ортосундагы маданият жана искусство жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;
7. 2024-2026-жылдарга Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы айыл чарба жана азык-түлүк менен камсыздоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча “Жол картасы”;
8. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Өзбекстандын Иш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты азайтуу министрлигинин ортосундагы эмгек, ишке орноштуруу жана миграция жаатындагы ниеттер жөнүндө протокол;
9. 2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча практикалык иш-чаралардын планы («Жол картасы»);
10. 2017-жылдын 5-сентябрындагы 2024-2026-жылдарга Бишкек шаарынын мэриясы менен Ташкент шаарынын мэриясынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы;
11. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту менен Өзбекстан Республикасынын президентине караштуу Стратегиялык жана региондор аралык изилдөөлөр институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
12. Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ортосундагы 2024-2030-жылдарга Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү боюнча иш-чаралардын планы.