Бүгүн, 25-декабрда шаардык кеңеште 9 айдын жыйынтыгы чыгарылууда. Ага бир катар тиешелүү орган жетекчилери өздөрү келип отчёт берүүнүн ордуна орун басарларын жибергендиги үчүн алардын маселелери кийинки сессияга жылдырылды.
Атап айтсак, бүгүнкү жыйынга Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жана Ош шаардык жаштар, эмгек жана ишке орнотуу башкармалыгынын жетекчилери келбей койгон. Күн тартиби боюнча алар Ош шаарында жаңы жумуш орундарын түзүү жана жумушсуздукту жоюу тууралуу аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат бериши керек болчу.
Аларга чара көрүү маселесин депутаттар көтөрүп чыгып, шаардык кеңештин төрагасы Таалай Сабировго сунушташты. Төрага өз сөзүндө аларга чара көрүлөрүн билдирди.