Бангладеште студенттердин нааразылык акциясы ондогон адамдын өмүрүн алды

Бангладеште студенттердин өкмөттүк жумушка орноштурулган квота системасына каршы нааразылык акциялары уланууда. Акциянын катышуучулары революциялык согуштун ардагерлеринин үй-бүлөлөрү үчүн мамлекеттик кызматтарга квота берүүнү жокко чыгарууну талап кылышууда. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, тополоң учурунда 30дан ашуун адам өлүп, 500дөн ашууну жарадар болгон.

“Митингчилер 1971-жылдагы Революциялык согуштун ардагерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик жумуш орундарынын 30%га чейин сакталган квота системасын токтотууну талап кылышууда. Алар квоталар премьер-министр шейх Хасинанын партиясына бийликти сактап калууга жардам берет деп эсептешет. 18-июлда полиция демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана желим окторду колдонгон”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Даккада мамлекеттик “BTV” телеканалынын имараты өрттөнгөндүгү айтылды. Бийликтегилер өрттү демонстранттар уюштургандыгын айтышууда.

Бангладештин маалымат министри телеканалда берүүлөр токтотулуп, кызматкерлердин көбү имаратты таштап кетишкенин айтты.

Айта кетсек, Бангладештеги башаламандык 14-июль кечинде башталган. Митингчилер көчөгө таяк, таш жана темирлер менен куралданып чыгып, жолдорду тосуп жатышкандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан