ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган Германиянын 60 жаштагы жараны инфекциядан толук айыгып чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Мюнхенде өтө турган СПИД боюнча 25-эл аралык конференциянын алдында ВИЧтен эркиндиктин жаңы учуру жарыяланды. Материалдарда 2009-жылы Берлиндик бейтапка вирус диагнозу коюлганы айтылат. 2015-жылы ал адамдын иммундук системасын алмаштыруучу өзөк клеткасын алмаштыруу операциясынан өткөн.
2018-жылдын аягында бейтап ВИЧ-инфекциясын көзөмөлгө алуу үчүн антиретровирустук дарыларды алууну токтоткон. Дээрлик алты жыл өткөндөн кийин, дарыгерлердин айтымында андан ВИЧ да, рак да аныкталган эмес.
Буга чейин ВИЧтен дүйнө жүзү боюнча алты адам айыгып кеткен.