Япониянын негизги жылдызы тамеки чеккени үчүн Олимпиададан четтетилди

19 жаштагы япониялык гимнаст Сёко Мията тамеки чегип, спирт ичимдиктерин ичип жаткан жеринен кармалып, Париждеги Олимпиадага катышуу укугунан ажырады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Ошол эле учурда Мията алдыдагы Олимпиада оюндарында Япониянын көркөм гимнастика боюнча аялдар командасынын лидери, капитаны жана негизги үмүтү деп эсептелген. Бирок бул статус ага жардам берген жок.

Япониянын Гимнастика ассоциациясы Миятаны Олимпиададан четтетип, кечирим сурап, оюндарга беш эмес, төрт спортчу катыша турганын ырастады.

Париждеги Олимпиада оюндары 26-июлда башталып, 11-августта аяктайт. Кыргызстандын атынан Олимпиадага 16 спортчу катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан