Коңшу Казакстандын Акмола облусунун каза болгон тургуну донор болуп, беш адамдын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
17-июлда Астанадагы клиникалардын биринде органдарды алмаштыруу үчүн кезекте турган үч бейтапка операция жасалып, ал ийгиликтүү аяктаган.
Донор 44 жаштагы аял болгон, анын мээси өлүк деп табылган. Кыйын кырдаалда анын туугандары маркумдун органдарын тапшырууга макул болуп, беш кишиге жашоого мүмкүнчүлүк берген.
Жыйынтыгында маркумдун жүрөгү 43 жаштагы аялга, өпкөсү дагы бир бейтапка жана бөйрөгү 15 жаштагы кызга берилген.
"Ошондой эле, Астанадагы Улуттук онкология борборунда бейтаптарга экинчи донордук бөйрөк жана боор трансплантацияланды. Эгерде мээнин өлүмү тастыкталса, потенциалдуу донордун жакын туугандарынын чечими менен жүрөк жана өпкө трансплантациясы жасалат", - деп билдиришкен аталган ооруканадан.