Израиль Йемендин Ходейда портуна абадан сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Аба чабуулу Тель-Авивде хуситтердин учкучсуз учуучу аппаратынын чабуулунан бир күн өткөндөн кийин жасалды. Йемендин хуситтер менен байланышы бар Al-Masirah телеканалынын маалыматына караганда, Йемендин жээгиндеги Ходейда шаарына бир нече аба соккулары жасалды.
Маалыматка ылайык, аба соккусу Ходейдадагы мунай сактоочу жайларга жана электр станцияларына жасалган. Андан адамдар каза болуп, айрымдары жарадар болгон, бирок так саны айтылган жок.
Америка Кошмо Штаттары менен Британия Йемендеги хуситтердин Кызыл деңиздеги чабуулдарына жооп иретинде бир нече айдан бери абадан сокку урууда. Бирок аскердик өнөктүк йемендик топтун чабуулдарын токтото алган жок.