"20 жашта". Украинада экс-депутатты аткан шектүүнүн болжолдуу сүрөтү жарыяланды

Украинанын ички иштер министрлиги Жогорку Радасынын экс-депутаты Ирина Фарионду аткан шектүүнүн болжолдуу сүрөтүн жарыялады.

Украина ИИМинин маалыматына ылайык, экс-депутатка ок чыгарууга шектелип панама кийип, көз айнек тагынган арык жигит шектелип жатат. Ал болжолдуу 20 жашта, боюнун узундугу 170-180 сантиметр.

Полиция шектүү Фарионду аткандан кийин жашырынып жүргөн жеринен байкоо камераларына түшүп калганын билдирди. Жогорку Раданын экс-депутатын өлтүрүшү мүмкүн болгон адам азырынча кармала элек.

Ирина Фарион өткөн жума күнү Львовдо башынан оор жаракат алган. Аял комага түшүп, андан соң ооруканада каза болгон. Ал Украинанын аймагында орус тилине тыюу салуу боюнча радикалдуу талаптары менен белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан