Куандык Бишимбаевдин сотунан кийин таанылган прокурор жаңы кызматка дайындалды

Казакстанда Салтанат Нукенованын өлүмүнө байланыштуу соттук процесстен кийин белгилүү болгон прокурор Айжан Аймаганова жаңы кызматка дайындалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Аймаганова Астана шаарынын прокуратурасынын мамлекеттик айыптоону жүргүзүү жана апелляциялык инстанцияга катышуу бөлүмүнүн башчысы кызматын ээледи.

Куандык Бишимбаев менен анын тууганы Бахытжан Байжановдун иши боюнча өтүп жаткан соттук териштирүүдө Аймаганова борбор калаанын прокурорунун улук жардамчысы кызматында туруп, мамлекеттик айыптоону колдогон.

Белгилей кетсек, буга чейин Айжан Аймаганованын кызматтык даражасы көтөрүлүп, ал өзүнүн Instagram баракчасына подполковник даражасынын погонун тагынган формада («Юстиция кеңешчиси» класстык чини) видео киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан