Төрөбаев жетекчилерге кышында былтыркыдай окуялар кайталанбашы керектигин эскертти

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев экономика тармактарын жана калкты 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын абалы, жылуулук менен камсыздоо ишканаларынын ишмердүүлүгү, энергетикалык объектилердеги ремонт иштери, ошондой эле бюджеттик мекемелерди жана калкты көмүр менен камсыздоо иштерине байланышкан маселелер каралды.

Төрөбаев алдыдагы жылытуу мезгилинде энергетикалык объектилердин калкты жана экономика тармактарын электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуусу үчүн техникалык жактан толук даярдыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

“Мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилерине талаптагыдай даярдык көрүүнү азыртан эскертип кетким келет. Жылытуу мезгили учурунда буга чейин болуп өткөн окуялар кайталанбасын. Өзгөчө Бишкек Жылуулук электр борборунда маселе жаралбашы керек. Жылытуу мезгили башталганга чейин мамлекеттик органдар 1-октябрга карата бюджеттик мекемелерди көмүр менен жетиштүү көлөмдө камсыздоо боюнча белгиленген пландарды аткаруусу тийиш. Мындан тышкары элди көмүр менен камсыз кылуу боюнча алгылыктуу иштер аткарылышы керек. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдүн баасына көзөмөлдү күчөтүүсү зарыл”, – деди ал.

Бишкек ЖЭБи жылытуу мезгилинде 1 миллион тонна көмүр керектейт, бюджеттик мекемелер 312 миң 184 тонна көмүр камдашы керек болсо, калк үчүн күз-кыш мезгилине 1,3 миллион тонна көмүр камдалышы керек.

Штабдын жыйынтыгында министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бюджеттик мекемелер үчүн отун ресурстарын жеткирүү боюнча тендерлерди өткөрүү, келишимдерди түзүү иштерин тездетүү, энергетикалык объектилердеги оңдоо иштерин графикке ылайык бүткөрүү тапшырмалары берилди.

Эске салсак, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, 5 адам жабыркаган. Жабыркагандардын ичинен абалы оор деп бааланган 2 киши Түркия мамлекетинде дарыланып, 9-май күнү өлкөгө кайтып келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан