Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Тажикстандан жеңилип калды 

Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курама командасы Ташкентте өтүп жаткан Мираброр Усмановдун жаркын элесине арналган футзал боюнча эл аралык мелдешинин жыйынтыктоочу - үчүнчү турунун алкагында бүгүн Тажикстан курамасына каршы кез келди. Беттеш 4-1 эсебинде атаандаштын пайдасына аяктады. Курамабыз үчүн кирген жалгыз голдун автору - Махмадаминов Шохрух (12').

Эске салсак аталган мелдеш Ташкент шаарынын «Юнусабад» спорткомплексинде орун алып, ага Кыргызстан, Гватемала, Тажикстан жана Өзбекстан курамалары катышууда.

Мелдештин жалпы жыйынтыгы бүгүн орун ала турган Өзбекстан-Гватемала беттешинен кийин белгилүү болот. Учурда Өзбекстандын курамасы 6 упайга, ал эми калган курамалардын ар бири 3 упайга ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан