Кыргыз Эл артисти Сыймык Бейшекеев Олимпиада оюндарына бара жаткан спортчулардын атын кошуп дем берүүчү ыр жазды. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-июлда Инстаграм баракчасына жарыялады.
"Олимп оюндарына намыс талашууга бараткан 16 спортчубуздун баарына ийгилик каалайм. Жүрөгүмдөгү тилек-батама ар биринин атын кошуп, ырга салдым, аман-эсен барып жеңиш менен келгиле, баатырлар! Кийинки ырыбызды Назима экөөбүз силердин жеңишиңерди даңктап жазалы.
Буюрса, ырдын даяр болоруна аз калды. Спортчу жигит-кыздарга дем болсун, мыкты клипмейкер, видеографтар келгиле, баатырларыбызга дем бере турган тасма даярдайлы. Баарыңардан сунуш күтөм", - деп жазган Сыймык Бейшекеев.
Белгилей кетсек, Франциянын борбору Париждеги оюндар 26-июлдан 11-августка чейин өткөрүлөт.