X социалдык тармагынын негиздөөчүсү Илон Маск жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган видео менен бөлүштү.
Видеодо дүйнө лидерлеринин жана атактуулардын, анын ичинде АКШнын президенти Жо Байдендин, Орусиянын лидери Владимир Путиндин, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жана АКШнын мурдагы өлкө башчысы Дональд Трамптын футуристтик кийимдер менен подиумдан басып баратышканын көрүүгө болот.