"Сын жана суктануу". Париждеги Олимпиадага катышуучу өлкөлөр кандай формалары менен таң калтырды?

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. SUPER.KG порталы Олимпиадага катышуучу өлкөлөрдүн параддык формаларынын сүрөттөрүн сунуштайт.

Кыргызстан

Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын формасы - спорттук костюмдун үстү кызыл, шымы ак түстө болот. Кыргызстандын мамлекеттик туусунун түсүн чагылдырат. Форма ата мекендик дизайнерлер тарабынан иштелип чыккандыгы айтылган. Бирок форманын төшүндөгү 361 деген жазуу талкууга алынган.

Казакстан

Казак спортчуларынын параддык формасы салттуу оймо-чиймелер менен кооздолгон. Бирок заманбап стилде жасалганы менен казак эли форманы сындап, аны мектеп окуучуларынын жана аниме каармандарынын кийимине салыштырышкан.

Өзбекстан

Өзбек курама командасынын формасында мечит, сарай, медресе сыяктуу өлкөнүн тарыхый архитектурасынын сүрөттөрү түшүрүлгөн.

Франция

Үй ээси болгон француз спортчуларынын формасын тигүү үчүн Berluti француз люкс бренди тандалган. Анда спортчулар заманбап жана ыңгайлуу кийимден тарта оймо-чиймелери бар моюн орогуч менен кочкул көк түстөгү костюмдарга чейин кийип чыгышат.

АКШ

Спортчулар олимпиаданын ачылыш жана жабылуу аземдерине эки түрдүү форма кийип чыгышат. Алгач алар Ralph Lauren брендине таандык кочкул көк түстөгү блейзер жана көк түстөгү жынсы шым кийип чыгышса, ал эми жабылуу аземине ак түстөгү жынсы форманы тандашкан.

Кытай

Кытай спортчулары кызыл жана ак түстөгү спорттук костюм кийип чыгышат. Социалдык тармактарда кытай айым спортчуларынын формасын официанттардыкына салыштырышууда.

Монголия

Монголиялык спортчулардын формасы этникалык стилде тигилген. Анда факел, Париж оюндарынын эмблемасы, күн жана ай сыяктуу элементтер бар. Учурда дүйнө эли бул костюмдардын кооздугуна таң берип жатышат.

Чехия

Спорттук костюм катары айымдар да, эркектер да кийе турган плащ тандалган. Ал эми анын ичине мамлекеттик желектин түстөрүн чагылдырган шым жана футболка кийип чыгышат.

Австралия

Австралиялык спортчулар жашыл түстөгү пиджак жана кыска чолок шым кийип чыгышат.

Япония

Япон спортчулары улуттук желектин түсүндөгү спорттук кийим кийип чыгышат.

Түштүк Корея

Команда ачык көк түстөгү костюм-шым жана ак футболка кийип чыга турган болду.

Таиланд

Таиланд спортчуларынын спорттук костюму.

Канада

Канаданын курама командасы кызыл түстөгү куртка, шым, чолок шым жана кыска жеңдүү көйнөк кийишет.

Индия

Индиянын спортчулары сари - улуттук кийимин кийип чыга турган болду.

Грузия

Команданын спорттук костюму улуттук символдордун элементтеринен турат. Ага Георгий крести жана Эйфель мунарасынын сүрөтү түшүрүлгөн.

Укриана

Украин спортчуларына алтын түстөгү форма тандалган.

Португалия

Португал спортчуларынын формасынын комплекттеринин бири. Анда спортчуларга жеңиш каалаган сөздөр жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан