Ишканалардын аталышына диний сөздөрдү колдонууга тыюу салынды

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 27-июнда кабыл алынган. Ага ылайык, ишкана, фирма жана компаниялардын аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди жана аныктамаларды пайдаланууга тыюу салынат.

Ал үчүн Жарандык кодекстин 89-беренесинин 1-бөлүгү “диний коммерциялык эмес уюмдарды, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактардын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди, аныктамаларды колдонууга жол берилбейт” деген ченем менен толукталат.

Ал эми диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин, аныктамалардын тизмеги жана аларды пайдалануу тартиби Министрлер кабинети тарабынан бекитилет.

Белгилей кетсек, өлкөдө диний ат менен аталган ар кандай каржы уюмдары, кооперативдер арбын. Аларга азгырылып, акчасынан кол жууган жарандар жүздөп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан