Токаев Карим Масимовго ырайым берүүдөн баш тартты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимовго ырайым берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Мамлекетке чыккынчылык кылуу", "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен күнөөлүү деп табылган Карим Масимов ырайым берүү өтүнүчү менен президентке кайрылган.

27-июнда Казакстандын президентинин алдындагы ырайым берүү маселелерин караган комиссия Масимовдун өтүнүчүн карап, ага ыйгарым берүүдөн баш тарткан.

"Комиссия ырайым бере албайт, комиссия мамлекет башчыга гана сунуш кыла алат. Жыйынтыгында президент буга макул болду”, - деген комиссия башчысы Марат Башимов.

Эске салсак, Карим Масимов 2022-жылы Казакстандагы кандуу январь окуясында кызматтан алынып, 6-январда камалган. Кийин ал 18 жылга кесилип, өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылган.

Масимов Казакстандын өкмөтүн 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары эки ирет башкарган, 2016-жылдан бери коңшу өлкөнүн атайын кызматын жетектеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан