Орусияда тил билбеген мигранттарды өз акчасына депортация кылуу сунушталды

Орусиянын Мамлекеттик Думасында орус тилин билбеген мигранттарды депортациялоо боюнча мыйзам долбоору сунушталганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Либералдык-демократиялык партиянын лидери Леонид Слуцкий демилгелеген мыйзамга ылайык, мигранттын орус тилин билгендиги тууралуу сертификаты жасалма болсо ал өз каражатына депортацияланат. Эгерде анын каражаты жок болсо, анда чыгым ал жаран болгон өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемесинин эсебинен төлөнүшү керек.

"Орусияга алдап кирип, өздөрүнө документ сатып алгандар биздин бюджетке эч кандай чыгым келтирбестен дароо депортацияланышы керек", - деген Слуцкий.

Ошондой эле депутат өлкөгө орус тилин, тарыхын билгендерди киргизүүнү туура деп эсептээрин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан