Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда 9 билим берүү мекемесин курат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен биргеликте артыкчылыктуу багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүп жатканын белгиледи. Маселен, Ош облусунун 32 калктуу конушун таза суу менен камсыз кылуу максатында жалпы каржылоонун суммасы 60 миллион долларды түзгөн долбоор ишке ашырылат. Мындан тышкары республиканын ирригациялык системасын жакшыртуу жана медициналык тез жардам унааларын сатып алуу боюнча долбоорлор иштелип чыгууда.

Өз кезегинде Широков биргелешкен долбоорлорду тез арада ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, жемиштүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди. Тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жыйындын алкагында Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда гранттык негизде билим берүү мекемелерин куруу боюнча келишимге кол коюу аземи болду. Документке билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева менен Андрей Широков кол койду.

Бул макулдашуу грант берүүнүн тартибин карайт, анын алкагында Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда 9 билим берүү мекемесин курууну, аларды материалдык-техникалык жактан жабдууну жана Кыргызстанга өткөрүп берүүнү камсыз кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан