Олимпиада учурунда атайын күчтөр Израилдин курама командасын күнү-түнү кайтарышат

Француз жандармериясынын GIGN атайын күчтөрү Олимп оюндары учурунда Израилдин делегациясын күнү-түнү кайтарышат. Бул тууралуу Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманин билдирди.

"Мен GIGNге Израилдин делегациясы Францияга келгенден баштап, кеткенге чейин күнү-түнү нөөмөттө болушун буйрук кылдым. Израилдик спортчулар, калыстар, Олимпиада комитетинин мүчөлөрү үчүн коркунуч өтө жогору", - деп айткан министр.

Le Monde гезитинин маалыматына караганда, Израилден тышкары Украинанын делегациясын да GIGNдин кызматкерлери кайтарышат.

Белгилей кетсек, Париждеги Олимп оюндары 26-июлда башталып, 11-августка чейин болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан